Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Шайлоочулардын эң жогорку активдүүлүгү Сүлүктү шаарында, эң азы Өзгөн шаарында байкалууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди.
Анын маалыматына таянсак, шаардык кеңештерге добуш берүүдө Сүлүктү шаары активдүүлүгүн көрсөтүп, 35,89 пайызды түзсө, эң төмөнкү көрсөткүч Өзгөн шаарында болууда. 16:00гө карата аталган шаарда шайлоочулардын добуш берүүсү 10 пайызга жете элек.
БШК жарандарды шайлоого активдүү катышып, жарандык милдеттерин аткарууга чакырат.
Пикир
Оставить комментарий