Шакиев Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Австрия мамлекетинин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев Вольфганг Соботкага расмий сапар менен чакырып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргызстан Австрия мамлекети менен бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдар. Айрыкча Жогорку Кеңеш парламенттик демократия жаатындагы бай тажрыйбаңыздарды эске алып, аталган багытта биргелешип иш алып барууга ынтызарбыз. Андыктан, бул расмий сапарыбыз өлкөлөрүбүз ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишеничтемин”, – деди Нурланбек Шакиев

Муну менен катар тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун ортосундагы диалогду бекемдөө маселесин көтөргөн Жогорку Кеңештин төрагасы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясы баштаган эл аралык бирикмелердин алкагында да биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Жолугушууда экономикалык багыттагы кызматташтык тууралуу да сөз болуп, төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан айыл чарба, энергетика, туризм, билим берүү, транспорт, санариптештирүү өңдүү тармактар боюнча Австрия мамлекети менен кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

“Айрыкча Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Бүгүнкү күндө гидроэнергетикалык потенциалдын 10-15%ын гана пайдаланабыз. Бул ички керектөөнүн 90%дан ашыгын камсыздайт. Андыктан, болгон мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү үчүн австриялык инвесторлорду кызматташууга чакырабыз”, – деди Нурланбек Шакиев.

Андан тышкары, маданий-гуманитардык байланыштар тууралуу да пикирин айткан Жогорку Кеңештин төрагасы билим берүү жана илим-изилдөө жаатындагы кызматташтык артыкчылыкка ээ экенин билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан менен Австрия климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча окшош позицияны карманып келе жатканын баса белгилеген Нурланбек Шакиев: “Кыргызстан Бириккен Улуттар уюмунун алкагында тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча бир катар резолюцияларды, анын ичинен “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” жана “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата аракеттердин беш жылдыгын” демилгелеген. Биз аталган демилгелерибизди колдоп жатканы үчүн Австрияга ыраазычылык билдиребиз”, – деди.

Сөзүнүн соңунда Вольфганг Соботканы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка парламенттик дипломатия табияты окшош эки өлкөнүн байланышынын негизги өзөгүн түзөрүн белгилеп: “Биз үчүн Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан менен кызматташуу өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, алакаларды арттырып, парламенттер ортосундагы диалогду кеңейтишибиз керек”, – деди.

Мындан сырткары, кызматташтыктын багыттары тууралуу сөз кылган Вольфганг Соботка калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жаатында Австрия заманбап тажрыйбага ээ экенин билдирип, бул жаатта кызматташууга даяр экендиктерин кошумчалады. Муну менен катар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында да тажрыйба алмашуу маселесин көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий