Шакиев Азербайжандагы Физули жана Шуша шаарларын өнүктүрүүнүн башкы планы менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Азербайжандагы расмий сапарынын алкагында Физули шаарына барды.

Алгач төрага аталган шаардагы эл аралык макамга ээ аба майданы менен таанышты. Алсак, саатына 200 адамды тейлеген аба майдан сегиз ай аралыгында курулган. Учактардын учуп-конуу тилкесинин узундугу 3000 метрди түзүп, аба майдан керектүү заманбап шарттар менен жабдылган.

Андан соң Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегацияга жергиликтүү жетекчилер шаарды жана ага чектеш аймактарды калыбына келтирүү ишинин жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Тагыраагы, калаанын жаңы көрүнүшүн, келечектеги административдик борбордун эскиздерин жана долбоорлорун, шаардык паркты жана башка маанилүү объектилерди көрсөтүштү.

Мындан тышкары, төрага Шуша шаарына да барып, андагы тарыхый жана маданий жайларды көрүп чыкты. Ошондой эле шаарды калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат алды.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров дагы Азербайжандагы мамлекеттик сапары учурунда Физули жана Агдам шаарларында болуп, боордош элге Кыргызстандан белек катары курула турган мектептин пайдубалына капсула салган.

Пикир

Оставить комментарий