• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жумабеков Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп менен телефон аркылуу сүйлөштү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү маалында тараптар кыргыз-түрк алакасына жана парламенттер аралык кызматташтыкка, анын ичинен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы байланыштарга тиешелүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле парламент төрагалары коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү көйгөйлөрүнө да токтолушуп, пандемия шартында тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.

Эскерте кетсек, телефондук сүйлөшүү Түркия тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий