• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Шакиев БА өлкөлөрүнүн жана Кореянын парламент жетекчилеринин жолугушуусуна катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Корея Республикасынын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышты.

Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууда Борбор Азиядагы мамлекеттер менен Кореянын байланышын бекемдөө багытындагы сунуш-пикирлер талкууланып, кызматташтыкты арттыруудагы парламенттердин ролу тууралуу сөз болду.

Жыйында сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев кезектеги жолугушуу “Тынчтык, бакубатчылык жана өз ара ишеним үчүн өнөктөштүк” аталышында өтүп жатканы чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

“Анткени биз күч-аракеттерибизди бириктирүү аркылуу гана өлкөлөрүбүздүн гүлдөп-өнүгүүсүнө өбөлгө түзө алабыз”, – деди төрага.

Ошондой эле Кыргызстандагы экономикалык абал жана жасалып жаткан иштер тууралуу да учкай кеп кылган Нурланбек Шакиев: “Өлкөбүздүн экономикасы динамикалуу өнүгүп, бардык тармактарда ири реформалар ишке ашырылууда. Айрыкча инвестициялык климатты жакшыртуу, чакан жана орто көлөмдөгү ишканаларды өнүктүрүү жаатында алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, ички дүң продукциябыздын орточо өсүү темпи акыркы үч жылда 7 пайыздан төмөн болгон жок. Өткөн жылы ички дүң продукциябыздын көлөмү 1,2 трлн сомго жетти”, – деди.

Мындан тышкары, Кыргызстан 2030-жылга чейин мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүнү көздөп жатканын айткан Төрага: “Бул багытта өлкө башчысы тарабынан олуттуу милдеттер коюлган. Ага ылайык, Жогорку Кеңеш да керектүү мыйзамдарды ыкчам кабыл алып, ири реформаларды ишке ашырууда маанилүү ролду ойноп келет”, – деди.

Муну менен катар экология маселелерине да токтолгон Нурланбек Шакиев: “Кыргызстан тоолуу өлкө, жерибиздин 90%ын тоолор ээлейт. Буга байланыштуу биздин демилгебиз менен Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 2023-2027-жылдарга карата тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын жарыялаган. Ошондой эле 2027-жылы "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүүнү пландап жатабыз. Андыктан аталган эл аралык иш-чарага активдүү катышууга чакырам”, – деп кошумчалады.

Сөзүнүн аягында дүйнөдөгү алдыңкы экономикалардын бири катары Кореянын технологиялык инновациялар, өнөр жай жана айыл чарба жаатында баалуу тажрыйбасы бар экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Ал эми Борбор Азия туруктуу өнүгүү үчүн зор ресурстарга жана потенциалга ээ. Буга байланыштуу орток максаттарга жетүү үчүн өнөктөштүктү өөрчүтүп, тыгыз иш алып баруубуз кажет. Мында парламенттер аралык диалогдун мааниси чоң. Тагыраагы, парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө кубаттуу курал экенин унутпашыбыз керек”, – деди.

Кошумчалай кетсек, 5+1 форматындагы мындай жолугушуунун алгачкысы былтыр Корея Республикасында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий