Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Бишкек жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында жана түнкүсүн катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.
Пикир
Оставить комментарий