Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Бишкек менен Чүйдө жакынкы бир саатта катуу шамал болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматына таянып ӨКМ билдирди.
Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Буга байланыштуу министрлик жарандарды этият болууга чакырат.
Пикир
Оставить комментарий