Бишкек, 19.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борборунун билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы бир сааттын ичинде жана кечинде катуу шамал болушу күтүлөт, - деп кабарлайт КР ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.
Пикир
Оставить комментарий