Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Бишкек жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында катуу шамал болушу ыктымал. Бул Өзгөчө тууралуу кырдаалдар министрлиги эскертти.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.
Кырсык болгон учурда "112" номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.
Пикир
Оставить комментарий