• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев: Көмүр баасына такай мониторинг жүргүзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 11.09.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Экономика жана коммерция министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкулдөрүнүн катышуусунда экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо маселеси талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилинде көмүрдүн жетишсиздигине жана алып сатарлардын айынан баанын өсүшүнө жол бербөө максатында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына көмүр рыногунда, дегеле жалпы социалдык жактан маанилүү товарлардын баасын такай көзөмөлгө алып туруу тапшырмасын берди. Бул багытта, өзгөчө Баткен жана Ош облустарында көзөмөлдү күчөтүү белгиленди.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле, калктын керектөөсүнө жылытуу мезгилинде 1,2 млн тонна кара отун керектелээрин жана көмүр республика боюнча 549 базада сатылаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо максатында 2023-жылдын 8-сентябрында Министрлер Кабинетинин токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагынан автомобиль транспорту менен көмүрдү сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Бул багытта МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, көмүр казуучу ишканалар биринчи кезекте бюджеттик мекемелердин жана калктын көмүргө болгон муктаждыгын жабышы керектигин билдирди.

“Күзүндө ар кандай шашылыш жана мүмкүн болуучу спекуляцияларга жол бербөө максатында, каалоочулар катуу отунду алдын ала сатып алуусу үчүн бул процесс тездетилип жатат. Эгерде жеке көмүр казуучу компаниялар көмүрдү сыртка чыгарууда, ички керектөөчүлөргө бааларды жогорулатса Министрлер Кабинети экспортту жабат. Биринчиден көмүр казуучу компаниялар бюджеттик мекемелердин жана калктын көмүргө болгон керектөөсүн жабышы керек”, – деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий