• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

«Манас» аэропорту Алматыдан Qazaq Air авиакомпаниясынын биринчи учагын кабыл алды

Коом 0


Бишкек, 11.09.23./Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту бүгүн Алматыдан (Казакстан) QAZAQ AIR авиакомпаниясынын биринчи каттамын кабыл алды.

«Манас» аэропортунан билдиришкендей, Qazaq Air авиакомпаниясынын учагы Алматы-Бишкек багыты боюнча 41 жүргүнчүсү менен «Манас» эл аэропортуна конду.

Каттам жумасына 2 жолу аткарылат - жума жана дүйшөмбү күндөрү.

Каттамдар 11-сентябрда аткарылып башталса, билеттер бүгүнтөн баштап сатыла баштады.

Шаарлар ортосундагы каттамдар заманбап, ыңгайлуу De-Havilland Dash 8-Q400 авиакемелери менен жумасына 3 жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү (жергиликтүү убакыт боюнча) аткарылат.

Билеттерди flyqazaq.com расмий сайтынан сатып алсаңыздар болот.

Маалымдама: QAZAQ AIR – маршруттук тармагы кеңири казакстандык авиакомпания. QAZAQ AIR авиакомпаниясы Казакстандын шаарларынан Баку, Омск жана Екатеринбургга эл аралык түз жана байланыш каттамдарын аткарат.

Пикир

Оставить комментарий