• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 9 миңден ашык объект орнотулду - мэрия

Коом 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Бишкекте 9 миңден ашык объект орнотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйындын жүрүшүндө шаардык мэриянын өкүлдөрү билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, шаарда инвентаризация учурунда 9 миң 251 объект аныкталган.

Алардан:

-Октябрь району боюнча – 2 миң 448 объект,

-Свердлов району боюнча – 2 миң 54,

-Ленин районун боюнча – 2 миң 297,

-Биринчи май району – 2 миң 452 объект.

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында 1 миң 858 объект түрттүрүлгөн, алардын ичинен 920сы жеңил түрдөгү объекттер, 147си капиталдык курулуштар, тосмолор, пайдубал, ал эми 791и жарнама такталары.

Ошондой эле жеңилдетилген түрдөгү объектилер боюнча тактоо иштери жүрүп, 3 миң 502 дүкөн аныкталган.

Алардын ичинен:

-1 миң 253 объект ижара негизинде иш алып барат,

-332си колдонуу мөөнөтү аяктап калгандыгына карабай иш алып баргандар,

-1 миң 355 объект тиешелүү документтери жок өз алдында орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий