• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн казак чек арачылары тарабынан кармалган КР жараны бошотулду

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн Казакстандын чек арачылары тарабынан кармалган Кыргызстандын жараны Өмүрбек уулу С. камактан бошотулду.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-февралда Казакстандын Алматы облусунун Райымбек райондук №2 сотунда сот отурум болуп, анда Өмүрбек уулу С.нын иши каралды

Ошентип, соттун өкүмү менен Өмүрбек уулу С.га 5 жылдык мөөнөткө Казакстандан депортациялоо менен айып салынды. Учурда жаран Өмүрбек уулу С., камактан бошотулуп, жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтарылат.

«Кыргыз Республикасынын жараны Өмүрбек уулу С. кармалган учурдан тартып министрлик Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине жана Башкы консулдугуна Казакстандын компетенттүү органдары менен тыкыр жана объективдүү иликтөөнү жана ошондой эле соттун адилеттүү чечимин камсыз кылуу максатында жигердүү кызматташууну тапшырган», - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин маалымдалгандай, Өмүрбек уулу Сыймыкты Казакстандын чек арачылары 10-январда кармашкан. Өмүрбек уулунун апасынын айтымында, ошол күнү баласы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра тилкесинде мал издеп жүрүп, Казакстан менен чектеш тилкеден кокусунан өтүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий