Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 23-июлдан 26-июлга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз:
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Пикир
Оставить комментарий