• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Шашылыш билдирүү: өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 14.05.22./Кабар/. Бүгүн, 14-майда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 14-15-майларында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий