• 87
  • 90.59
  • 0.86

Шавкат Мирзиёев: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу достуктун жана өнүгүүнүн символу

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 28.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына байланыштуу кайрылуу жолдоду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

"Бул биз менен дос өлкөлөрдүн дээрлик 30 жылдан бери илгери сүрүп келе жаткан чыныгы тарыхый окуя. Эл аралык маанидеги жаңы транспорттук артерия түзүлүүдө. Ал Борбор Азия чөлкөмүн Кытай менен кургактыктагы эң кыска жол аркылуу байланыштырып, мамлекеттерибиздин көп тараптуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө салым кошот", — деп айтты Шавкат Мирзиёев.

Долбоор Кашкардан Анжиянга чейин 20 станцияны, 42 көпүрөнү жана 25 тоннелди курууну, ошондой эле заманбап транзиттик жана логистикалык инфраструктураны түзүүнү камтыган. Жылдык жүк ташуу көлөмү 15 миллион тоннага жетиши, бул транспорттук чыгымдарды жана Кытайдан Европага жеткирүү убактысын бир топ кыскартышы баса белгиленет.

Мирзиёевдин айтымында, бул долбоор "Бир алкак, бир жол" демилгесинин максаттарына жооп берет жана Улуу Жибек жолун жандандырат, ошондой эле аймакта жаңы жумуш орундарын жана ишканаларды түзүүгө мүмкүндүк берет. Өзбекстан бардык колдо болгон техникалык жана интеллектуалдык ресурстарды колдонуу менен долбоорду ишке ашырууга активдүү катышууга ниеттенүүдө.

"27-декабрда президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун алгачкы ташын койду. Жапаров белгилегендей, жаңы каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Европа биримдигине жүктөрдү жеткирүүнү камсыздайт", - деп айтылат кайрылууда.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын сентябрында Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытай 454 чакырымдык темир жол линиясын курууну макулдашкан. Долбоордогу үлүштөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: Кыргызстан жана Өзбекстан – 24,5%, Кытай – 51%. Кыргызстан темир жолдун курулушуна 11 миллиард сом (126,4 миллиард доллар) жумшайт.

Пикир

Оставить комментарий