• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Дүйшөмбү шаарында КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ министрлеринин жыйыны өтүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министри Улан Исраилов иш сапары менен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына келди. Министр мында КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ министрлеринин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ министрлери кызматташуу жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү мамлекеттер аралык программанын аткарылышын талкуулашат.

Ошондой эле, 2019-2023-жылдар аралыгында кылмыштуулук менен күрөшүүнүн мамлекеттер аралык программасынын долбоорун кароо пландалган. Аталган долбоордо чек аралар аралык кылмыштуулук, маселен баңги зат, психотроптук заттарын мыйзамсыз айлантуу, адамдарды сатуу жана мыйзамсыз миграция, ошондой эле, маалымат айдыңында жасалуучу кылмыштардын алдын алуу каралган.

Мындан тышкары жыйындын катышуучулары кылмыштуулук менен күрөшүүнүн абалы, актуалдуу маселелерде кызматташуу тармагында сүйлөшүшөт. Ошондой эле, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралардын аткарылышын талкуулашат .

Жыйындын соңунда ар тараптуу кызматташууну арттырууга багытталган ведомстволор аралык документке кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий