• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ШКУ-2019: Бишкекте “Көп кырдуу цивилизация – Бирдиктүү сапар” сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. ШКУ саммитинин алкагында Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде “Көп кырдуу цивилизация – Бирдиктүү сапар” аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Иш-чара 12-16-июнь күндөрү өтүп, анда 25 өлкөнүн сүрөтчүлөрүнүн эмгектери тартууланмакчы.

ШКУ саммитинин алкагында көркөм музей үйүндө бир катар маданий иш-чаралар өтүүдө. Аталган көргөзмөгө бир нече өлкөлөрдүн сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган. Күн мурун кытайлык сүрөтчүлөдүн көргөзмөсү болгон, бүгүн болсо европалык жана жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнүн ачылышы болууда. Бул жерде жалпысынан 300 эмгек коюлган.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги ШКУ саммитин өз ишин жыйынтыктап, Бишкек декларациясына жана бир катар документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий