• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Опера жана балет театрынын сахна чеберлери ачык асман алдында акысыз концерт коюшту

Маданият 0

Бишкек, 01.07.23./Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахна чеберлер театрдын түштүк тарабында ачык асман алдында концерт коюшту.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, гала-концерт 80 жылдык юбилейлик театралдык сезондун жабылышына арналган.

Концертте опера жана балет сахнасынын чеберлери, академиялык хор жана театрдын симфониялык оркестри дүйнөлүк жана улуттук операларды, классикалык чыгармаларды аткарып, шаар тургундарына өзгөчө жагымдуу маанай тартуулашты.

Эске салсак, концертти коюуда дирижерлор - башкы дирижер Захар Бутенко, Урмат Тентимишов, Семетей Султанов. Концерттин режиссёру- Жыпара Ибраимова, башкы балетмейстери-КРнын Эмгек сиңирген артисти Канат Надырбек, башкы хор чебери- КРнын Эл артисти Карагул Тиленчиев.

Пикир

Оставить комментарий