• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Башкы сыймык – элдин ыраазычылыгы! ӨКМ башчысы куткаруучуларды куттуктады

Коом 0

Бишкек, 01.07.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бүгүн өлкөнүн куткаруучуларын кесиптик майрамы - Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Министрдин куттуктоосу:

“Урматтуу, Куткаруу кызматын аркалаган куткаруучулар!

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол, кыргыздын жигиттери!
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени!

Акын Байдылда Сарногоевдин дал ушул саптары биздин куткаруучу – эр-азаматтарыбызга мүнөздүү.

Ажалдан кайра тартпаган, беттегенин бербеген, өчүп бараткан өмүргө жашоо шамын тартуулаган куткаруучуларды кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Сиздер бар үчүн кыргыз журтчулугу коопсуз өмүр сүрүп келет.

Ооба, күнүмдүк турмушубузда айттырбай келген ар кандай кырсыктар жашообузга түздөн-түз таасир этип жатканына күбө болуп жатабыз. Анын кесепеттерин жоюуда албетте, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары алгачкылардан болуп кол сунуп, адам өмүрүн куткарууну биринчи орунга коёсуздар! Мындай мисалдар Кыргыз мамлекетинде, өзгөчө куткаруучулардын эмгек чыйырында миңдеп саналат.

Анткени өлкөбүз тоолуу келип, жер көчүп таш кулаган, сел жүрүп суу каптаган, кургакчылык болуп ири өрт чалган табият кырсыктары, техногендик кырдаалдар сиздердин эркиңиздерди сынады, ошол эле учурда чыңады..

Кыргыз мамлекетине эриш-аркак түптөлгөн министрликке бүгүн 32 жыл толду. Айтканга оңой болгон менен бул жылдар өзүнө ары түйшүкчүл, ары тобокелчил жана ийгилик коштогон күндөрдү камтый алды.

Ийгилик демекчи, Мамлекет башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичтин колдоосу жана тубаса элчилиги менен акыркы эки жыл ичинде Россия Федерациясынан, Кытай Эл Республикасынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 300дөн ашуун заманбап техникалар келди. Акыркы үлгүдөгү техникалар паркы куткаруучуларга, анын ичинде өрт өчүрүүчүлөргө, суучулдарга, тоо куткаруучуларына бир кыйла жеңилдик берип, ийгилик жаратууга жол ачылды деп ишенич менен айта алам.

Урматтуу куткаруучулар!

Ааламдашуу заманында жашап, бүгүн дүйнөнүн булуң-бурчундагы климаттын өзгөрүшү, аны менен коштолгон табияттын кооптуу кубулуштары, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алаканга салгандай көрүп гана тим болбостон, кыргыз эли өз жардамын биринчилерден болуп бере алды. Алсак, жыл башында Түркия мамлекетинде катталган зилзала дүйнө элинин кабыргасын кайыштырбай койгон жок. Ага издеп-куткаруу иштерине жүздөгөн өлкөлөрдүн куткаруучулары тартылды. Алардын алдыңкы катарында биздин куткаруучулар болду..

Аскасы ураган боордош түрк элинин кайгысын тең бөлүшүүгө, жоготконун издеп-таап берүүгө жөнөгөн куткаруучуларыбыз Кыргыз мамлекетинин үмүтүн, элинин ишеничин актап, күнү-түнү издеп-куткаруу иштерин аткардыңыздар

Аны менен бирге кыргыз жигиттерине таандык айкөлдүктү, тайманбаган эр мүнөздүктү, эрктүүлүктү, күжүрмөндүктү бүтүндөй дүйнө жүзүнө даңазалап, өмүрү кыл учунда турган канчалаган жандарга жашоо шамын тартууладыңыздар...

Алыс кетпей атай кетсем, Баткен облусунда эки жыл катары менен кайталанган кыргыз – тажик чек арасындагы адам үрөйүн учурган окуялар баарыбызды ойлондурбай койбойт. Ошол кырдаалды жөнгө салууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары уйку бетин көрбөй күжүрмөндүк менен эмгек кылдыңыздар. Гуманитардык жардамдарды дарегине жеткирүүдө, жабыркаган элибизди коопсуз жайларга жайгаштырууда жана алардын өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылууда сиздердин салым ат көтөргүс.

Урматтуу кесиптештер!

Кыргыз журтчулугунун алдында жоокерчиликтүү мындай озуйпаны, милдетти аркалап келе жаткан куткаруу кызматында эмгектенгендердин баарына ыраазычылык билдирем.

Мамлекет үчүн кылган ак кызматыңыздар үчүн элдин урмат-сыйына бөлөнүп жүрө бериңиздер. Эң башкы сыймык - элдин ыраазычылыгы! Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм, бар болуңуздар!

Жараткан Кыргызстаныбызды күтүүсүз кырсыктардан сактасын!”.

Пикир

Оставить комментарий