"Шоро" компаниясынын суусундуктары Минскте өткөн көргөзмөдө жеңүүчү аталды

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. "Шоро" компаниясынын максым жана чалап улуттук суусундуктары Минск шаарында өтүп жаткан "Белагро-2024" эл аралык көргөзмөсүндө "Эң даамдуу" сынагында жеңүүчү болуп табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Биздин улуттук суусундуктарыбыз көргөзмөгө келген меймандардын чоң кызыгуусун жаратты. Элдик дегустациянын жыйынтыгында кыргызстандык өндүрүүчүлөр көпчүлүк добуш менен биринчиликти ээлеп, жеңишке жетишти", - деди ал.

Ошондой эле элчи көргөзмөнүн уюштуруучулары кыргыз тарапка тиешелүү сертификаттарды тапшырганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий