• 87
  • 90.41
  • 0.84

Штаб: Үй карантинин бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылууда

Өкмөт 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Үй карантинин бузган 6 жаран административдик жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуулар үчүн 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айыппул каралган.

Мындан тышкары штабдын жыйынында белгилегендей, атайын мобилдик тиркеме аркылуу дагы 151 адамдын үй карантини режимин бузгандыгы аныкталган. Алар боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандардын үй карантинин сактоолоруна көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүү экендигин баса көрсөттү.

Жыйында COVID-19 дартынын жайылуусуна каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр маселеси талкууланды. Саламаттык сактоо министрлигине апрель айы үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий