• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акылбек Жапаров антикризистик чараларды иштеп чыгуу боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинде антикризистик чараларды талкуулоо жана аны иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өлкөдө жана дүйнөдө орун алып жаткан экономикалык абал тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, өлкө жетекчилигинин тапшырмасына ылайык, антикризистик чаралардын жыйындысы иштелип чыгып, экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында бизнес-ассоциацияларга сунушталды. Региондогу жана дүйнөдөгү учурдагы экономикалык кырдаалга мониторинг жүргүзүү боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп, антикризистик планга киргизүү боюнча сунуштар иштелип чыгууда. Ошондой эле КР Улуттук банкы менен акча-кредит саясаты боюнча консультациялар жүргүзүлдү.

Экономика жана коммерция министри белгилегендей, ата мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн тобокелдиктерди азайтуу максатында кредиттик портфелдин бир бөлүгүн конвертациялоо пландаштырылууда. Товарлардын негизги түрлөрү боюнча тартыштыкты жоюу максатында өлкөнүн ички рыногун товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоого багытталган бир катар кыска мөөнөттүү чаралар иштелип чыккан. Планда ата мекендик өндүрүүчүлөргө альтернативдик жеткирүү жолдорун табууда, негизги өнөктөш өлкөлөр менен камсыздоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча колдоо көрсөтүү боюнча бир катар иш-чаралар жана кырдаалды турукташтырууга багытталган бюджеттик жана финансылык чаралар камтылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы айларда бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын, ошондой эле айрым социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатуу күтүлүп жатканын, бул бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү талап кылаарын белгиледи. Ал Экономика жана коммерция министрлигине антикризистик чараларды талдоо жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Кеңешменин жыйынтыгында Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди, анын катарында экономикадагы өзгөчө абал режими жөнүндө мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу, ошондой эле жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин караган «алтын паспорт» жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар бар.

Пикир

Оставить комментарий