• 86.5
  • 91.44
  • 0.87

Штаб: Төрт миңден ашык кыргызстандык мекенине кайтып келүүнү каалап жатат

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Төрт миңден ашык кыргызстандык мекенине кайтып келүүнү каалап жатат. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Кыргызстанга Россиядан, Азиядан, Европадан, Африкадан жана АКШдан кыргыз жарандары кайтып келүүнү каалап жатат. Ошондой эле буга чейин Россиядагы жарандардын көпчүлүк бөлүгү Россиянын токтотулуп калган каттамына авиабилеттерди алып алышкан.

Штабдан кабарлашкандай, дүйнөдө коронавирус пайда болгон учурдан баштап ТИМ жана КРдин башка мамлекеттик органдардын жардамы менен Кыргызстанга 6767 жаран кайтып келди, алардын көпчүлүгү Россиядан, ошондой эле, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Египет, Таиланд, Кытай, Малайзия, Корея, Индонезия, Шри-Ланка, Вьетнам өлкөлөрүнөн келди. Мындан сырткары, Москвадан келген каттам менен жарандар АКШ, Франция, Улуу Британия, Доминикана Республикасы ж.б. мамлекеттерден келишти.

Ошондой эле штабдан КР жарандарынын кайтып келүүсү боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат беришти.

"КР жарандарынын чет мамлекеттерден кайтып келүүсү боюнча иштердин алкагында КРдин чет өлкөлүк мекемелери тарабынан жарандардын аты-жөнү жазылган тизмеси түзүлөт жана алардын мекенине кайтып келүү жолдору менен маршруттары изделет. Биздин жарандарды алып келүү үчүн коммерциялык чартердик каттамдар уюштурулуп, 25-мартта жана 17-апрелде Түркиядан 410 жаран, ал эми 22-апрелде 177 жаран Новосибирск шаарынан кайтып келди", - деп айтылат штаб тараткан маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, алдыда 26-апрелге, 3-майга жана 10-майга Дубайдан (БАЭ) чартердик каттамдар уюштурулары пландалууда. Ал эми 28-апрелге Екатеринбургдан чартердик каттам уюштурулары пландалды.

"Бул багыттагы чоң иштер өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз өз ара аракеттешилип жатат. Мисалы, казакстандык тараптын колдоосу менен Кыргызстандын 325 жараны Индия, Египет, Таиланд, Малайзия, Шри-Ланка, Въетнам сыяктуу өлкөлөрдөн казакстандык авиациялык жол менен жерде жүрүүчү атайын транспорт аркылуу Казакстандын аймагына алынып келинип, Бишкекке саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин коштоосунда келишкен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул багыттагы иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда алыскы өлкөлөрдөгү жарандарды Казакстандын аймагы аркылуу кайтарып алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий