• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

"Шымбулак" Түрк  өлкөлөрүнүн тоолуу курорттор союзунун негиздөөчүлөрүнүн бири аталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Күн мурун Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмунунун Түрк мамлекеттеринин тоолуу курорттор союзун түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги билдирди.

Альянстын курамына Азербайжан өлкөсүнүн “Шахдаг” туристтик борбору, Түркиянын “Улудаг” курорту, Өзбекстан өлкөсүнүн "Амирсой" жана Казакстандын “Шымбулак” тоо курортунун өкүлдөрү кирген.

Биримдик түзүү идеясы мындан бир жыл мурун “Шымбулак” жана “Шахдаг” тоо курортторунун өкүлдөрүнүн ортосунда пайда болгон. Биримдиктин негизги максаты-тоо туризмин өнүктүрүү, кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана туристтер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Негизги иш-чаралар:

  • курорттор арасында ыңгайлуу туристтик маршруттарды өнүктүрүү;
  • иш-чаралардын, көргөзмөлөрдүн жана конференциялардын бирдиктүү календарын түзүү;
  • спорттун кышкы түрлөрүн жайылтууга багытталган биргелешкен эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү;
  • этнозоналар жана тематикалык иш-чаралар аркылуу маданий алмашууну уюштуруу;

"Меморандумга кол коюу биздин пансионаттар үчүн жөн гана тарыхый учур эмес, лыжа туризимин өнүктүрүүдө түрк мамлекеттерин бириктирүүнүн символу. Бул маданияттардын, перспективалардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн айкалышы. Бул биздин элдерибиздин ортосундагы достук байланышты чыңдоого жардам берет", - дейт "Шымбулак" тоо курортунун башкы директору Ринат Абдрахманов.

Белгиленгендей, альянстын алкагындагы кызматташуу дүйнөлүк рынокто пансионаттардын позициясын бекемдеп гана тим болбостон, тейлөө деңгээлин жана туристтик продукциянын түрлөрүн бир топ жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий