• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Казакстандын Улуттук банкы валюта базарына дээрлик $200 млн сатты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек 10.02.22. /Кабар/. 9-мартта Казакстандын Улуттук банкы теңгенин курсун колдоо үчүн интервенция жасап, валюта базарына 198,9 млн доллар сатты.

Өткөн жума күнү Казакстандын фондулук биржасындагы (KASE) соодалашуунун жыйынтыгында 1 АКШ доллары 504 теңгени түзсө, 9-мартта ал 510 теңгеге жетти.

Буга чейин Казакстандын Улуттук банкы KASE менен биргеликте теңге-доллар валюталык жубу боюнча соодалашуунун регламентин өзгөртүү чечимин кабыл алганын жарыялаган. "Теңге-доллар валюталык жубу боюнча соодалашуу 9-мартта Нур-Султан убактысы боюнча 15:00дө ачылып, франкфурт аукционунун форматында өтөт. Мындай чечим сырткы факторлордун басымынын фонунда валюта базарындагы туруксуздукка жол бербөө максатында кабыл алынды", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Февралдын аягында Казакстандын Улуттук банкы теңге курсун колдоо үчүн валюта базарына 137 млн доллар сатса, 1-марттан 5-мартка чейин 534,3 млн долларга интервенция жасады.

Пикир

Оставить комментарий