• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары: 20 документке кол коюлуп, кыргыз-кытай бизнес форуму өтөт

Саясат 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында дээрлик 20 документке кол коюлат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстан менен Кытай ортосунда тыгыз координация жүрүүдө.

"Бул айда маанилүү окуялардын бири – Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары жана анын Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышуусу болот", - деди ал.

Сапардын алкагында эки лидердин жолугушуунун расмий аземи, расмий сүйлөшүүлөр, эки тараптуу документтерге кол коюу аземи өтөрү каралган. Сыдыковдун билдиргени боюнча, 20га жакын документ иштелип жатат. Андан тышкары, сапардын алкагында көркөм көргөзмөгө баруу да пландалууда.

"Ошондой эле бизнес форум пландалган. Анда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү кызматташуу маселелерин талкуулап, документтердин топтомуна кол коюшат. Алсак, дээрлик 40 документке кол коюлары күтүлүүдө", - деди ал.

Данияр Сыдыков, өткөн жылы Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө манасчы Жусуп Мамайдын айтуусу боюнча түзүлгөн "Манас" операсынын ачылышы болгонун белгиледи.

"Анда биздин президент, төрага Си Цзиньпиндин КРга боло турган сапарынын алкагында Кыргызстанда гастролдордун ачылышын өткөрүү боюнча кайрылган", - деди ал.

Ошондой эле президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Кытай Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экендигин айтып өттү.

"Биздин өлкөлөр ортосундагы мамиле жогорку деңгээлде турат. Ошентсе да, тараптар кызматташууну дагы бийик деңгээлге көтөрүүнү пландап жатат. Кытай көп жылдан бери Кыргызстан үчүн маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөш болгон жана болуп келет. Учурда биргелешкен аракеттер менен КРдан Кытайга экологиялык таза продукттардын экспорту боюнча иштер уланууда. Кыргызстан да Кытай менен унаа, туризм, айыл чарба тармагы жана инфраструктураны өнүктүрүү тармагындагы түз инвестициялар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий