• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жыл башынан бери чет өлкөлүк 8 миң жаранга иштөө үчүн уруксат берилген, анын 80% кытайлыктар

Коом 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. 2019-жылдын башынан бери чет өлкөлүк 7 миң 85 жаранга Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат документи берилген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Мээрим Бекожоева билдирди.

Анын айтуусунда, алардын 80 пайызы Кытайдын жарандары. Бул деген Бишкек шаары жана бүт республика боюнча "Чайнароуд" компаниясынын өкүлдөрү тарабынан жол куруу жана оңдоо иштери жүрүп жатат дегенден кабар берет.

"Андан тышкары, өлкөдө Кытайдан адистерди тарткан көптөгөн уюмдар бар. Мисалы, Кара-Балта, Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү ишкананын курулушу, ошондой эле Орловкадагы алтын кенин казып алуу боюнча комбинаттын курулушу. Иштөө үчүн уруксат алуу боюнча экинчи орунда Түркиянын жарандары турса, алардан кийин эле Корея жана АКШ турат", - деп билдирди Бекожоева.

Пикир

Оставить комментарий