Ташкент, 22.11.18. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Кытайдын "Бир алкак - бир жол" долбоору алкагында мамлекетте жүзѳгѳ ашырылып жаткан иш-чаралар менен жакындан таанышуу, ошондой эле ЖМК алкагындагы тажрыйбаларды үйрѳнүү максатында "Кабар" агенттигинин Ѳзбекстандагы кабарчысы бир топ журналисттер менен аталган мамлекетте болуп кайтты. Ушул сапардан кээ бир эскерүүлѳрдү тартуулайбыз.
Журналисттердин алгачкы жолугушуусу Кытай ЖМК жетекчиси болгон "Синьхуа" маалымат агенттигинин жаңылыктар редакциясында жана медиа борборунда болуп ѳттү.
"Синьхуа" агенттигинин башкы редакторунунун орун басары Ли Ян мырзанын айтымында, медиа-борбордун соңку кездеги жетишкендиктеринен бири робот-диктордун жаратылгандыгы болду. Анл суткасына 24 саат иштеп, жасалма добуштан пайдаланып тексттерди окушу мүмкүн. Жасалма интеллекттин негизинде иштей ала турган робот-диктор кытайлыктардын добушу, жүзүндѳгү мимикаларын окшото алат, ал жада калса кытай жана англис тилдериндеги программаларды алып бара алат.
Медиа-борбордогу дагы инновациялык технологиялардын бири – атайын курулма кээ бир иш-чара же мааракени күзѳтүп, анын чоо-жайы тууралуу маалымат же кабарды он секунд ичинде даярдап бере алат. Адистер иш-чарага таандык ыкчам кабарды канча мѳѳнѳттѳ даярдай алышы да сынап кѳрүлдү. Кабарчы мындай кабарды даярдоо үчүн болгону 15 мүнѳт сарптайт экен.
Эскерте кетсек, "Синьхуа" маалымат агенттиги 1931-жылдын ноябрь айынан тарта "Кытайдын кызыл маалымат агенттиги" наамы менен иштей баштаган. 1937-жылдан баштап азыркы наам менен аталат. 1944-жылдан тарта Эл аралык редакция ачылып, англис жана башка тилдерде кабар тарката баштаган. Учурда "Синьхуа" агенттигинин Азия, Америка, Африка, Латын Америкасы, Европа мамлекеттеринде 130дан ашык кеңселери иштеп жатат. Ала кытай, англис, француз, орус, испан, араб жана жапон тилдеринде кабар таркатат.
Агенттик курамындагы интернет сайттарга күн сайын 15 миңден ашык маалымат материалдары жайгаштырылат. Агенттиктин веб-сайтына бир күндѳ 100 милллиондан ашык окурман кирет.
"Синьхуа" маалымат агенттиги менен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин ортосундагы жемиштүү кызматташтык жолго коюлган.
Пикир
Оставить комментарий