• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРда даяр “инвестициялык лотторду” жана “инвестициялык картаны” иштеп чыгуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда “инвестициялык лотторду” жана “инвестициялык карталарды” иштеп чыгуу пландалууда. Бул тууралуу КРнын инвестицияларды алдыга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек билдирди.

Анын айтымында, учурда инвесторлор жерлерди мыйзамдуу түрдө трансформациялаштырууну күтүүдө.

“Биз инвесторлордун айланасындагы бардык абалды анализдеп чыктык жана инвесторлор үчүн мүмкүн болгон долбоорлорду даярдоону чечтик. Себеби инвестор долбоордун ишке ашышын эки жылдан ашык убакыт күтөт. Бул ал үчүн пайдалуу эмес жана ал бул убакыт ичинде акчаны өлкөбүзгө салуу тууралуу оюнан кайтышы мүмкүн”, - деди Адилбек уулу.

Анын маалыматына караганда, учурда өлкөнүн инвестициялык картасын иштеп чыгуу тууралуу маселе иштелип чыгууда.

“Онлайн картада өлкө боюнча мүмкүн болгон өндүрүүчү объектилер жөнүндө бардык маалыматты көрсөтүү пландалууда. Мисалы, түштүктө мүмкүн болгон тоо кен объектилери жана баалар, байланыш чекиттери көрсөтүлөт. Азырынча буга акча жетишпейт, бирок биз азыр эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий