• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Синоптиктер жаздын алгачкы күнүндө аба ырайы кандай болорун айтышты

Коом 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Эртең 1-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жаан жаашы ыктымал. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11;

Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 9...15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 3...8;

Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3;

Бишкекте күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 2…4°, күндүзү 8…10° градус болот.

Пикир

Оставить комментарий