Сиз кандай басасыз? Шашпай баскандардын мээси эрте картаярын изилдөөчүлөр аныкташты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Шашпай басуу мээнин эрте картаюусу менен байланыштуу экенин АКШнын Дьюк университетинин изилдөөчүлөрү аныкташты. Алардын эмгеги JAMA илимий журналына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, изилдөөгө Жаңы Зеландиянын жүздөй тургуну катышкан. Изилдөөгө катышуучулардын ден-соолугун 3 жаш курагынан бери көзөмөлдөп келген жана тестти алар 45 жашка чыкканда жүргүзгөн.

Катышуучуларды өмүр бою көзөмөлдөп, алынган маалыматтардын жыйынтыгында кимдер жаш кезинде акыл-эс жагынан салыштырмалуу артта, тил жөндөмдүүлүгү алсыз жана кол өнөрчүлүк өнөрдөн артта болсо, анда орто жаш курагында жай басышат.

Мындан сырткары, изилдөөгө катышкандар 45 жашка чыкканда аларга МРТ жасашкан. Анда шашпай баскандардын мээсинин көлөмү кичине болгону байкалган. Майда тамырларында да оорулардын белгилери көрүнгөн. Бул көрсөткүчтөрдүн баары мээнин эрте картаюусу менен байланыштуу экенин изилдөөчүлөр белгилейт.

Изилдөөчүлөр 8 адамдан турган топко изилдөөгө катышкандардын жаш курагын аныктап берүүсүн суранган. Ал топко изилдөөгө алынгандардын сүрөтүн беришкен. Жыйынтыгында жай баскандар сырткы көрүнүшү боюнча ылдам баскандарга караганда улуу көрүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий