• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2020-жылдагы парламенттик шайлоого сарпталчу каражаттын болжолдуу суммасы айтылды

Коом 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого сарпталчу каражаттын болжолдуу суммасы тууралуу маалымат берди.

2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорунда 1 млрд 214,3 млн сом суммасындагы каражаттар төмөнкүлөргө каралган:

- биометрикалык жабдуу менен иштөөгө тартылган операторлордун эмгек акысын эске алуу менен көпчүлүк учурларда биометрикалык жабдууну алмаштырууга жана жаңысын сатып алууга, ошол жабдууну аймактык шайлоо комиссияларына (мындан ары – АШК) жана участкалык шайлоо комиссияларына (мындан ары – УШК) ташып жеткирүүгө (197,9 млн сом);

- 54 АШКда жана 2400 УШКда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого (560,4 млн сом);

- 2020-жылдын март-май айларында 20 АШКда жана 215 УШКда 31 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого (60,54 млн сом);

- 2020-жылдын декабрында 47 АШК жана 1785 УШКда 386 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого (386,1 млн сом);

- Шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү стратегиясынын иш-чаралар планын жана Стратегияны ишке ашыруу үчүн кабыл алынган айрым мыйзамдарды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарга (9,4 млн сом).

2019-жылы шайлоолор жаатындагы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамынын редакциясындагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 4-беренесинде, эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланган мөөнөт 1-декабрдан 31-декабрга чейин аяктай турган болсо, анда кийинки шайлоолор көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган жылдан кийинки жылдын апрелинин экинчи жекшембисинде өткөрүлөрү каралган) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2020-жылдын декабрында аяктай турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор 2021-жылдын апрелине жылдырылат, ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) 2020-жылга бюджетинде шайлоолорго кетчү чыгымдар 386,1 млн сомго азайтылып, азыркы убакта 828,2 млн сомду түзүүдө.

Маалымат катары:

- 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалыматтарынын биометрикалык базасы колдонулгандыгын эсепке алгандагы фактылык чыгымдар 944,5 млн сомду түзгөнүн, анын ичинде КР БШКнын чыгымдары – 568,4 млн сомду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары – КРӨ караштуу МКК) чыгымдары – 376,1 млн сомду (Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалыматтарынын биометрикалык базасын иштеп чыгуу жана колдонуу жаатында) түзгөнүн;

- 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолорго сарпталган фактылык чыгымдар 724,7 млн сомду түзгөнүн, анын ичинде КР БШКнын чыгымдары – 621,7 млн сомду, КРӨ караштуу МККнын чыгымдары – 103,0 млн сомду түзгөн.

2015-жылы жана андан кийинки жылдардагы шайлоолорго кеткен чыгымдардын мурдараак өткөрүлгөн шайлоолорго салыштырмалуу бир кыйла өсүп кетиши 2015-жылдан тартып шайлоо процессинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалыматтарынын биометрикалык базасын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча иш-чараларга (КРӨ караштуу МККнын ыйгарым укуктары жаатында биометрикалык жабдууларды, КР БШКнын ыйгарым укуктары жаатында автоматташтырылган эсептөөчү үкөктөрдү сатып алууга, операторлорду ошол жабдуулар менен иштөөгө окутуп-үйрөтүүгө, жабдууларды республиканын шайлоо участокторуна ташып жеткирүүгө, шайлоо мезгилинде операторлордун жана IT-адистердин эмгегине акы төлөөгө кеткен чыгымдарды эсепке алганда) сарпталган чыгымдар менен шартталган.

Пикир

Оставить комментарий