Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Кыргызстандык белгилүү скульптор Тамила Маматовага Казакстандын II даражадагы “Достук” ордени тапшырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, орденди тапшыруу аземи эртең, 9-июнда 15:00дө А.Осмонов атындагы улуттук китепканада өтөт.
Иш-чарага КР маданият министри Азамат Жаманкулов, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев катышат.
Пикир
Оставить комментарий