• 87
  • 90.41
  • 0.84

Соң-Көлдө балык чабактарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери башталды

Аймак 0


Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Соң-Көл көлүндө сиг-лудога балыгынын чабактарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда сиг-лудога балыгынын чабактарын өндүрүүчү энелик балыктарды кармоо Балык департаменти тарабынан КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашуунун алкагында жүргүзүлүүдө.

"Бүгүнкү күнгө карата 2,5 млн даана уруктанган икра даярдалды. Балык чарбасынын жылдык планы 5,5 млн даана икраны түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий