• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сосновка жана Арал постторундагы чектөөдөн улам айдоочуларга ысык чай, тамак берилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка жана Арал постторунда 10-январь күнү оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөөлөр сакталып турат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Сосновка постунда 68, Арал постунда 30 оор жүк ташуучу унаа кезекте турат.

Посттордо кезек күтүп жаткан унаалардын айдоочуларына жылынуучу жана тамак-аш берүүчү жайлары уюштурулган. Жайыл районунун Сосновка посттундагы жылынуучу жайында 45 адамга ысык чай, тамак берилген, Токтогул районунун Арал постундагы жылынуучу жайында 100 адамга ысык чай, тамак берилген.

Пикир

Оставить комментарий