Сокулук – Белогорка унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Чүй облусундагы Сокулук – Белогорка унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл аталган жолдун 3 чакырымына 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Учурда эки чакырымдан ашык аралыкка асфальт жаткырылды.

Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №1 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий