• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Оштун Жапалак айылында жаңы ФАПтын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 06.07.23./Кабар/. Оштун Жапалак айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоорго ылайык, ФАПтын курулушун үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын орто ченинде бүткөрүү жана ага керектүү бардык жабдууларын орнотуу каралган.

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов курулуш иштерин көрүп чыгып, бул жердеги жаңы ФАПтын айланасындагы имараттардын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу тапшырмасын тийешелүү кызматтарга милдеттендирди.

Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу жана көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн кечиктирбей бүткөрүү талабын койду.

Пикир

Оставить комментарий