• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эдил Байсалов иш сапары менен Индияда жүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индияга болгон жумуш сапарынын алкагында Индиянын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял менен соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагалары катары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, Байсалов Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Минакши Лекхи менен дагы жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин, глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелерин, Индиянын 2023-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана “Чоң жыйырмалык” тобуна төрагалык кылуусунун күн тартибин талкуулашты.

Тараптар заманбап чакырыктарды жеңүү үчүн эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жалпы кызыкчылыкты билдиришти.

“Кыргыз өкмөттүк делегациясынын Делиге болгон сапары жакынкы жылдарда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы жемиштүү кызматташууга жаңы дем берээрине ишенем”, - деди Эдил Байсалов.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык платформалардын алкагында диалогду тереңдетүү жана тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий