• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сокулукта 30,4 млн сомдук суу мунарасы жер аянты менен мамлекетке алынды

Аймак 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Сокулук районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жалпы аянты 2443,75 м2, пайдалуу аянты 14,1 м2 болгон суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, алынган жердин базар баасы 30 млн 405 миң 970 сомду түзөт.

Менчиктештирүү фактысы атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аныкталды.

Аталган жер аянты 1998-жылы Ш.Д.К. аттуу жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2443,75 м2 жер тилкесинде жайгашкан, 14,1 м2 пайдалуу аянты базар баасы 30 млн 405 миң 970 сомду түзгөн суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий