• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-январда Жалал-Абадда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 9 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Жеңишбек Абитов, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобеков, атайын полктун ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Атайын багыттагы полктун түзүлгөн күнүнө карата кылмыштуулуктун алдын алдын алууда кошкон салымдары үчүн бир катар кызматкерлер жана ички иштер органдарынын ардагерлери медаль, ардак грамоталар менен сыйланды.

Жеңишбек Абитов атайын багыттагы полктун кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктап, коомдук тартипти камсыздоодо жана кылмышкерлер менен күрөшүүдө орду чоң экендигин белгиледи. Өздүк курам арасындагы жоготуулар болбой, иштеринде ийгиликтер коштоп жүрүүсүнө тилектештигин айтып өттү.

Соңунда кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарууда курман болгон кызматкерлердин жана арабызда иштеп көзү өткөн кесиптеш, куралдаштардын жаркын элесине багышталып куран окулду.

Пикир

Оставить комментарий