Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда консультациялык-укуктук жардамды берүүчү "114" ыкчам байланыш номери иштей баштады. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, байланыш номери Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан бүгүн, 17-январда ишке берилди.
""114" ыкчам байланыш телефонун ишке киргизүүнүн максаты — калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү шарттарын өркүндөтүү, ошондой эле аны көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана оперативдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.
Чалуулар республиканын бардык аймагындагы жарандар үчүн жеткиликтүү жана акысыз.
Министрликтен кошумчалашкандай, шыр байланыш БУУӨПтүн жана "Теңдик нуру" демилгесинин колдоосу менен ишке ашырылды.
Пикир
Оставить комментарий