Сокулукта 600 миң сомдук дары-дармектерди уурдоого шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Сокулук районунда 600 миң сомдук дары-дармектерди уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Сокулук райондук милициясына арыз менен 27 жаштагы О.Т. аттуу жаран кайрылып, 9-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар Шопоков шаарында жайгашкан дарыканага кирип, баасы 600 миң сомдук дары-дармектерди уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурулук”) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 23 жаштагы Т.А., 28 жаштагы Ж.Э. жана 34 жаштагы Ж.У. аттуу жарандар кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий