• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сокулукта аялдарды тоногон кылмышкер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Сокулук районунда райондук милиция жалаң жалгыз бой аялдарды тоногон жигитти кармаган. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын февраль жана март айынын ичинде тоноо тууралуу беш арыз келип түшкөн. Алардын баардыгында бирдей фактылар айтылган.

Жабырлануучулардын пикиринен кылмышкер унаа менен жүрүп, көбүнчө таң эртеде же түндөсү эч ким жокто жалаң жалгыз бара жаткан жаш кыздарды жана аялдарды тоноп, акча, уюлдук телефон жана башка баалуу буюмдарын алып кеткендиги белгилүү болду.

Баардык келип түшкөн арыздар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү деп 25 жаштагы С.А., аттуу Чүй облусунун жаранын кармашкан.

Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий