• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чемпиондор Лигасынын ½ финалында "Ливерпуль" – "Барселона", "Аякс" – "Тоттенхэм" менен беттешет

Спорт 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Англиялык "Ливерпуль" кечээ Португалиялык "Порту" клубун 4:1 эсебин менен жеңип, турнирдин ½ финалына чыкты.

Беттеш Порту шаарында өткөн. Голдорду Садио Мане, Мохамедд Салах, Роберто Фирмино жана Вирджил Ван Дейк киргизишти.

Буга чейинки оюнда "Ливерпуль" 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Ал эми экинчи беттеште "Тоттенхэм" "Манчестер Сити" командасына 3:4 эсеби менен утулса дагы, кийинки турга өтө алды. Анткени биринчи оюнда "Тоттенхэм" 1:0 эсебинде жеңишке жеткен эле.

Конокто жана өз талаасында киргизген голдордун айрымасы менен "Тоттенхэм" ½ финалга чыкты.

Эми жарым финалда "Ливерпуль" менен "Барселона", "Аякс" менен "Тоттенхэм" беттешет.

Биринчи оюндар 30-апрелде өтөт, экинчи беттеш 7-майда.

Турнирдин финалы 1-июнда Мадрид шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий