• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Сокулукта баңгизатын сактоого шектүү аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Сокулукта баңгизатын сактоого шектүү жаран кармалды.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 11-декабрь күнү Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан, аял киши өзү жашаган үйүндө баңгизатын сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынып, анын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарына караштуу Орок жаңы конушундагы 29 жаштагы Т.Э.нин үйүнүн уктоочу бөлмөсүнөн кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган.

Экспертизанын жыйынтыгында жогорудагы зат героин (диацетилморфин) баңгизаты экени аныкталып, салмагы 66 граммдан ашкан.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий