• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түптө адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды – облустук милиция

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү эки адамды кармады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 3-июнда Түп райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Кудургу айылынын чыгыш тарабында жайгашкан эски тегирмендин жанында азият түспөлдүү эркектин канга боелгон жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган билдирүү Түп райондук кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Райондук милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, анын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө өлгөн адамдын өздүгү аныкталган, ал 39 жаштагы жергиликтүү жашоочу Е.К. экени белгилүү болгон. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ушул күндөрү тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан негизги шектүү 36 жаштагы Кудургу айылынын тургуну Б.Н. кармалган, ал алдын ала тергөөдө кылмыш жасоосуна жабырлануучуга карата эски кеги себеп болгонун айткан.

Мындан тышкары, Түп районунун Курменты айылынан аталган кылмыштын дагы бир катышуучусу 62 жаштагы Ак-Булуң айылынын тургуну А.У. кармалган, ал ошол күнү шектүү менен жолугуштуруу максатында жабырлануучуну үйүнөн эски тегирмендин жанына чакырганын моюнга алган.

Райондук соттун чечими менен кармалгандар 2 айга камалышты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий