• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сокулукта өспүрүмдү кордогон 19 жаштагы жаран кармалды – милиция

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Сокулукта өспүрүмдү кордогон 19 жаштагы жаран кармалды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 25-июлда Сокулук райондук милициясына М.М. атуу жаран арыз менен кайрылып, анда анын 16 жаштагы К.Ж. аттуу баласына бычак сайган жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери тарабынан оперативдик-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 19 жаштагы Ч.И. аттуу жаран экендиги белгилүү болду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды. Тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда канжалаган баланы кыйнап, бутун өптүрүп, өзүн "ханзаада" деп атоону талап кылып жарандын видеосун тараган.

Пикир

Оставить комментарий