Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Сокулукта дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы курбулар Иманказы кызы Зейнап жана Замирбек кызы Айсезим табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Милициянын маалыматына ылайык, Сокулук райондук милициянын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул жашы жете элек дайынсыз жоголгон кыздар табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Белгиленгендей, кыздар Бишкектеги компьютердик клубдардын биринен табылган.
Эскерте кетсек, кыздар 14-ноябрда түшкө жуук үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болушуп, 18-ноябрдан тартып милиция кызматкерлери тарабынан издөөгө алынган.
Пикир
Оставить комментарий