• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Сокулуктун Манас айылындагы мектеп-лицейине 500 орундуу кошумча корпус курулууда

Аймак 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылында мектеп-лицейдин кошумча корпусу курулуп жатат.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2019-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда

Бүгүнкү күндө имараттардын 2-кабатынын дубалдары тургузулуп, темирбетон плиталарын орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалууда.

Курулуш-монтаждоо иштерин “Строй Компания Лидер Хаус” ЖЧКсы жүргүзүүдө. Долбоорго ылайык, төрт эки кабаттуу окуу корпустар жана ашкана 500 орунга ылайыкталган, жалпы аянты 3003 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий